Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Конституциялык палатага талапкерлер иргеле баштайт


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши жыйынга чогулуп, Конституциялык палатага талапкерлигин көрсөткөн судьяларды иргөө боюнча атайын жумушчу топ түзөт. Кеңештин төрагасы Шамарал Майчиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, белгиленген мөөнөт ичинде Конституциялык палатадагы 9 бош орунга 32 талапкерден арыз түшкөн. Эми жаңы түзүлгөн топ талапкерлердин тек-жайын карап, татыктуусун кийинки турга тандап алат. Талапкерлер жалпы үч бөлүктөн турган сынактан өткөндөн кийин президенттин, андан соң парламенттин кароосуна жиберилет. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн. Парламенттин кечээки жыйынында Жогорку Сотко 25 судья шайланды. Жогорку Соттун курамы толукталышы үчүн дагы 7 судья шайланышы керек. (KKs)

XS
SM
MD
LG