Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Күзүндө күйүүчү май тартыштыгы болбойт


Күзгү оруп-жыйуу жана айдоо иштери маалында күйүүчү май тартыштыгы болбойт. “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акееневдин “Азаттыкка” билдиришинче, октябрь айында Кыргызстанга Орусиядан 75 миң тонна күйүүчү май келатат. Ноябрь айында да ушундай эле көлөмдөгү майды ташып келүү мерчемделүүдө. Бирок кийинки келе турган кара майдын баасында өзгөрүү болоору да күтүлүүдө. Ушул тапта Кыргызстанда 65-70 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү майдын кору бар. Анын жарымына чукулун дизелдик отун түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG