Кыргызстандык ата-энелер Москвадагы ымыркайлар үйүнө таштап кеткен үч наристе Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Аларды Социалдык өнүгүү министрлигинин жана Бишкектеги балдар үйүнүн кызматкерлери коштоп келишти. Маалыматка ылайык, 2011-жылы эки, үстүбүздөгү жылы 9 бала Москвадан Бишкекке алынып келинген.
Жалпысынан Москванын Ымыркайлар үйүндө элүүгө жакын кыргызстандык наристе багылып жатканы айтылган. Орусияга иштегени кеткен кыргызстандык келиндер төрөп, таштап кеткен учурлар башка шаарларда да бар деп айтылат. Бирок расмий статистика жок. (КЕ)