Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Быйыл мектеп рэкетчилиги боюнча 9 кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Мүдүр Картаңов билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 8 айында өспүрүмдөр арасында бири-бирин опузалаган фактылар боюнча 9 кылмыш иши козголуп, сотко өттү. 2011-жылдын сегиз айында 17 кылмыш иши козголгон. Бул республика боюнча алынган маалымат. Учурда ИИМ дагы башка төрт министрлик менен бирдикте өспүрүмдөр арасындагы рэкетчиликти жоюу боюнча иш алып барууда.

Бирок балдар укугун коргоочулар буга байланыштуу иш-аракеттер жетишерлик жүрбөй жатканын, тескерисинче жылдагыдан көбөйгөнүн айтып сынга алып жатышат. 12-сентябрда эле Базар-Коргондун Кызыл-Үңкүр айылында мектеп окуучуларынын ортосунда чыккан мушташтан бир бала ажал тапты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG