Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Конституциялык палатанын судьялары тандоо башталат


Сотторду тандоо кеңеши бүгүн Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун мөөнөтүн бекитти. Кеңештин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаеванын “Азаттыкка” айтымында, тандоонун биринчи туру 20-сентябрда өтмөй болду.

Эми жумушчу топ 19-сентябрга чейин талапкерлердин документин карап чыгат. Бул убакыт ичинде алардын мурдагы иш тажрыйбасы, мүлкү тууралуу маалыматтар текшерилет. Анын жыйынтыгында кайсы талапкер биринчи турга катышууга болору аныкталат. Конституциялык палатанын судьялыгына 35 талапкер арыз берген. Эми алар 3 турдун негизинде иргелип алынат.

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку Сот алдында Конституциялык палата түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG