Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Пан Ги Мун Түндүк Африка жана Жакынкы Чыгыш мусулмандарын сабырдуулукка чакырды


БУУнун баш катчысы АКШда тартылган исламга каршы багытталган тасманын айынан нааразылык күч алган өлкөлөрдүн жарандарын тынчтыкты сактоого жана сабырдуу болууга үндөдү. Кечээ АКШ президенти Барак Обама Йемендин лидери Абд Рабу Мансур Хади менен Санадагы АКШ элчилигине кол салууну телефон аркылуу талкуулашты. Ак үйдүн билдиргенине караганда, Обама окуяны тез арада жөнгө салууга жасаган аракети жана дароо иликтөө иштерин баштаганы үчүн Йемендин президентине ыраазычылык билдирди. Элчиликтин кызматкерлеринин өмүрүн алган окуядан кийин АКШнын президенти Барак Обама бардык өлкөлөрдөгү америкалык элчиликтерде коопсуздук чараларын күчөтүүнү буйруган.

11-сентябрь түнү Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарындагы америкалык консулдукка АКШлык жеке продюсер тарткан “Күнөөсүз мусулман” тасмасына нааразы болгон топ чабуул жасаган болчу. Кечээ мунун айынан Йеменде, Египетте, Ливияда, Суданда, Тунисте жана Иранда нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG