Ушул күндөрү Дамаскта жүргөн БУУнун жана Араб лигасынын жаңы чабарманы Лахдар Брахими ортомчулук кызматка киришкенден бери алгачкы ирет бүгүн сириялык оппозиция өкүлдөрү менен кездешет. Андан соң Брахими президент Башар Асад менен жолугушууну көздөп жатат,-деди эл аралык чабармандын кесиптеши Ахмад Фаузи.
Кечээ Брахими Сириянын тышкы иштер министри Валид Муалем менен кырдаалды талкуулаган. Жолугушуудан кийин министр тынчтыкты камсыздоо үчүн эл аралык чабарман тарабынан суншталган бардык шарттарды аткарууга бийлик даяр экендигин билдирди. Мындан бир аз мурдараак Египеттин президенти Мухаммед Мурси европалык дипломаттар менен кездешүүсүндө Сирия режимин кызматын тапшырууга үндөгөн.
Кеңсеси Лондондо жайгашкан адам укугун коргоочу уюм бейшемби күнү өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунан Сирияда 57 адам набыт болгонун, алардын көпчүлүгү жай тургундар экенин билдирди.