Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Сегиз айда 530 адам ВИЧке кабылды


Алардын үч жүздөн ашууну экектер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирүүдө. Былтыр ушул убакта ВИЧ илдети менен 600 адам катталган. Ушул жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ/СПИД илдетине кабылгандардын жалпы саны 4 миң 400дөн ашты. Өлкөдө бул оору негизинен маңзатты ийне аркылуу сайынуудан тарайт. Дарыгерлер акыркы кездерде жыныстык катнаш аркылуу жуктургандардын саны өсүп жатканын белгилешүүдө. Бейөкмөт уюмдар ВИЧке кабылгандардын саны мындан алда канча көп экенин эскертип келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG