Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Кыргызстанда эркектер арасында тукумсуздук көбөйдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук госпиталдын Урология борборунун башчысы Акылбек Усупбеков билдирди. Анын айтымында, эркектердин бөйрөк, заара, жыныс органдарынын оорусу саламаттык сактоо тармагында жалпы оорулардын ичинен үчүнчү орунга чыкты. Алардын ичинен простата безинин сезгенүүсү, алсыздык жана тукумсуздук көбөйдү. “Оорулар да жашарууда. Мурда 60 жашта кездеше турган оорулар азыр 40 жаштан кийин эле кездеше баштады”, - дейт уролог.

17-сентябрдан 21-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында эркектердин ден соолугун сактоого багытталган жумалык башталат. Жумалыктын жүрүшүндө облустагы ооруканаларга кайрылган мырзалар акысыз текшерүүдөн өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG