Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Антиамерикалык маанайдагы акциялар уланууда


Америкалык жеке продюсер Сэм Басил тарткан “Күнөөсүз мусулман” тасмасында Мухаммед пайгамбар мазакталды деп эсептеген нааразылар бүгүн да акцияга чыгышты. Египет жана Йеменде АКШ элчилигине чабуул коюуну көздөгөн демонстранттарга каршы полиция суу чачып, көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Нааразылык толкуну Ирак, Марокко, Индонезия жана Малайзияда да уланды.

11-сентябрь түнү Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарындагы америкалык консулдукка тасмага нааразы болгон топ чабуул жасап, анда АКШ элчиси жана бир нече кызматкер набыт болгон эле. Бүгүн БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун тасмага нааразылык күч алган өлкөлөрдүн жарандарын тынчтыкты сактоого жана сабырдуу болууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG