Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Ливанда демонстранттар KFC ресторанын өрттөп жиберишти


Египетте өткөн АКШга каршы маанайдагы акциядан көрүнүш. 2012-жылдын 11-сентябры.
Египетте өткөн АКШга каршы маанайдагы акциядан көрүнүш. 2012-жылдын 11-сентябры.
Триполи шаарында америкалык жеке продюсердин исламга каршы тартылган тасмасына нааразы болуп акцияга чыккандар америкалык тарамына (сеть) кирген KFC ресторанын өрттөштү. Демонстранттар Мухаммед пайгамбарга акарат келтирип, исламды мазактаган тасма тарткан 52 жаштагы Сэм Басилди жоопкерчиликке тартуу талаптарын айтышты. Мындан сырткары бүгүн Египет жана Йеменде АКШ элчилигине чабуул коюуну көздөгөн демонстранттарга каршы полиция суу чачып, көздөн жаш чыгарчу газ колдонду. Нааразылык толкуну Ирак, Марокко, Индонезия жана Малазияда да уланды.

Триполидеги нааразылык акциясына чыккандар Рим папасы Бенедикт XVIнын Ливанга болгон бүгүнкү сапарына да нааразылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG