Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

"Акын менен бин-Ладен" Британияда жарык көрдү


Исмаил Хамидовдун “Акын менен бин-Ладен” аттуу романы англис тилинде жарык көрдү. Кыргызстанда туулган, Лондондо жашаган, өзбек жана орус тилдеринде жазган Исмаил Хамидов романында Борбор Азиядагы исламдык фундаментализм темасына кайрылат.

Чыгармада атактуу акын Белги Өзбекстандагы авторитардык режимден көңүлү калып, террорист болуп кетет.

Ал суфи руханий устатын издеп чыгып, кийин можахеддерге туш келет. Акыры "ал-Каиданын" ички чөйрөсүнө кошулуп, шейх бин Ладендин өзү менен көздөшөт. Рецензенттер белгилегендей, өз китебинде Хамид Исмаилов чындыкты ойдон чыгарылган окуяларга чеберчилик менен айкалыштырып, Кундуз шаарына кол салуу, Ферганадагы басмачылык кыймыл өңдөнгөн тарыхый окуяларды жеткиликтүү сүрөттөйт.

Китеп тууралуу англис тилиндеги маалыматты, видео, рецензияларды бул жерден таба аласыз. (jch)

XS
SM
MD
LG