Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Кыргызча баарлашуу клубу ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргызча үйрөнгүсү келгендерди бир жерге топтоп жаткан активист Зарина Урманбетова билдирди:

- Отуруп алып жөн эле сүйлөшүп, же грамматиканы гана үйрөнбөстөн, кыргыздын тили, маданияты, тарыхы, музыкасы тууралуу баарлашабыз. Кызыктуу темалардын тегерегинде пикир алышабыз.

Аптанын ар ишембисине пландалып жаткан баарлашууга искусство, маданият тармагындагы кыргыз тилдүү адистер келип, маек куруп турмакчы. 15-сентябрда алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан жолугушууга гитарист Темиралы Кунашев келет. Маектешүү маалында филолог, лингвисттер сөзсүз кеңешин берип турат.

Алгачкы жолугушууга эле 60тан ашуун адам келери кабарланган. (AKu)

XS
SM
MD
LG