Исламга акарат келтирди деп, Мухаммед пайгамбарды маскаралаган тасманын айынан АКШнын Каирдеги элчилигинин алдына чогулган египеттиктер төрт күндөн бери турушат. Акыркы кабарларга караганда, ал жерде кагылыш болуп, бир адам көз жумду, ондогон киши жаракат алды. Жалпысынан азыр Жакынкы Чыгыштан Түштүк Чыгыш Азияга чейин 20 мамлекетте нааразылыктар болуп жатат. Кагылыштарда кеминде эле төрт демонстрант набыт болду.
Көпчүлүк учурларда митинг тынч башталып, Тунис менен Судандагыга окшоп кийин зордукчул мүнөзгө өтүп баратат. АКШнын президенти Барак Обама Вашингтондун четиндеги аскерий базада сүйлөп, Бенгазидеги АКШнын консулдугунда америкалык элчини жана үч дипломатты өлтүргөндөр “сөзсүз жазасын алышат” деди. Ал эми мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон дипломаттардын өлүмүн “такыр кабыл алгыс” деп атады.
"Египет, Ливия, Йемен жана Тунистин элдери өздөрүндө массанын үстөмдүгүн орнотуш үчүн диктатурага каршы чыгышкан эмес. Бул мамлекеттерде ушуну түшүнгөн адамдар жана лидерлер кайрадан коопсуздукту колго алып, бул кандуу чабуулдун артында тургандарды катуу жазалашы керек", - деди Клинтон.
Тегеранда болсо Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи “Оболу АКШ мусулмандардын кыжырына тийген ошол маскара тасманы тарткандарды жазаласын” деди.