Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08
Azattyk Twitter

Москвада оппозиция президентке каршы митинг өткөрүүдө


"Миллиондор маршын" баштап чыккан оппозиция лидерлери Москвадагы Пушкин аянтында, 15-сентябрь, 2012
"Миллиондор маршын" баштап чыккан оппозиция лидерлери Москвадагы Пушкин аянтында, 15-сентябрь, 2012
Борбор калаанын негизги көчөлөрүнө 7 миңдей аскер жайгаштырылды. Марш өтө турган көчөлөрдө машинелердин кыймылы токтотулган. Оппозициянын лидерлери “Миллиондордун маршын” жумуриятта социалдык жана саясий реформаларды, таза шайлоону жана өкмөттү сындагандардын талабы мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлүшүн талап кылып уюштурушканын айтышты.

Москванын мэриясы 25 миң адам чогулушуна уруксат берген, бирок бүгүн демонстрацияга 50 миңдей киши келет деп жатышат. Ошондуктан полиция менен кагылыш да болушу мүмкүндүгү айтылууда. Нааразылык акциялары бул күнү мамлекеттин башка шаарларында да өтүп жатат.
XS
SM
MD
LG