Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Футбол. "Азаттык" "Боорсок - ТВ" 9:3


Жалпыга маалымдоо каражаттары арасында Кыргызстандын күзгү биринчилигинин 2-турунда "Азаттыктын" футболчулары "Боорсок - ТВ" командасын 9:3 эсебинде утту. Ошентип, эки турдан кийин "азаттыкчылар" 6 упай топтоп, биринчи орунга чыгышты. 1-турда алар жайкы биринчиликтин жеңүүчүсү НБТ телеканалын уткан болучу.

ЖМКлар арасында футбол чемпионаты КР Футбол федерациясынын демилгеси менен быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Жайкы чемпионатта "Азаттык" 10 команда арасында 3-орунга жеткен эле. Журналисттер чемпионатынын 3-туру 23-сентябрда КР Футбол федерациясынын жашыл майсаңында өткөрүлмөкчү. (SJ)

XS
SM
MD
LG