Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Бишкекте көчө фестивалы өтүп жатат


Бишкектин Киев көчөсүндө “Көчө бейиши” деген аталышта көчө фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Фестивалга музыканттар, бийчилер, сүрөтчүлөр, велосипедчендер жана ролик тепкенкендер келип ар кандай оюн-зоокторду көрсөттү. Иш-чаранын негизги максаты - жолдон жөө өткөндөрдүн укугун белгилөө, шаардын көчөлөрүндөгү коопсуз кыймылга көмөк көрсөтүү.

Фестиваль учурунда Киев көчөсүнүн Панфилов жана Манас көчөлөрүнүн арасындагы тилкеси жана Манас менен Панфилов көчөлөрүнүн Токтогул менен Чүй көчөлөрүнүн арасындагы тилкеси жабылды.

Иш-чара ар кандай окуялар жана шаңдуу бийлер менен коштолду. Ал каш карайганча уланат. (AKu)

XS
SM
MD
LG