Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Аба ырайы


17-сентябрда тоолуу аймактарда кар жаайт, Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым жерлеринде түнкүсүн күн күркүрөп, өткүн өтөт. Башка аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28;
Талас облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27;
Баткенде түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30 градус жылуу болот; Ысык-Көлдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +17...+22; Нарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +19...+24; Тоолордо түнкүсүн -6...-1, ал эми күндүз +3...+8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +26...+28 градус болот.

Бүгүн (16-сентябрда) эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 19 градус болду.

XS
SM
MD
LG