Кадамжай районунун Халмион айылынын тургундары “Баяман баатыр” дүң базарына кеткен жолдон оор унааларды бир айдан бери өткөрбөй жатат. Мындан улам базарга товар алып өткөн жарандар менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда пикир келишпестик пайда болду.
“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, талкаланган жолду айылдын 50 чактыдай түтүнү оңдоп жатышат. Алар “жол дагы бузулат” деген жүйөө менен оор унааларды өткөрбөгөнгө аракет кылышууда. Ал эми базардын администрациясы сунуштаган материалдык жардамдан тургундар баш тартышкан. Жергиликтүү бийлик эми чара көрөрүн билдирди. (JsA/AKu)