Кабарларга караганда, өткөн түнү өлкөнүн чыгышындагы Алингар районунда отун тергени чыккан аялдар менен кыздар НАТОнун абадан урулган соккусунан өлгөн. Арасында болгон кыздардын эң кичүүсү 10 жашта экени кабарланды. Жергиликтүү оорукананын дарыгерлери айтышкандай, жаракат алгандарды ошол жерде дарылап жатышат. Түндүк Атлантикалык альянс жетектеген коалициялык күчтөр азырынча бул окуя жөнүндө эч кандай билдирүү жасай элек.