Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Ооганстанда “Күнөөсүз мусулмандар” фильмине каршы демонстрация болду


Бүгүн жүздөгөн эл Ооганстандын борбору Кабулдун негизги көчөлөрүнө чыкты. Полициядан кабарлашкандай, миңге жакын адам Кабул университетинин алдына чогулуп: “Америкага өлүм!” деп кыйкырып турушту. Алардын көпчүлүгү студенттер экени кабарланууда. Адамдар интернетте Мухаммад пайгамбарды маскаралаган, исламга акаарат келтирген фильм жарыяланганына нааразы болуп жатышат. Нангархар провинциясындагы уруу башчылары менен молдолор ал фильмди тарткан адамдын башы үчүн 100 миң доллар сыйлык жарыя кылышканы да айтылды.

Бул өңдүү нааразылык демонстрациялары ушул апта ичи мусулман дүйнөсүндөгү көптөгөн мамлекеттерде болуп, айрым учурларда кан төгүү менен коштолду.

XS
SM
MD
LG