АКШ консулдугуна жасалган кол салуу боюнча 50дөй киши камакка алынганын жекшембиде жарыялаган Ливиянын парламент төрагасы Мохаммед ал-Магриф муну “ал-Каида” менен алкасы бар жергиликтүүлөр колдогон, көбүнесе чет элдик экстремисттер күн мурунтан пландаган деп билдирди:
- Бул пландалганы анык. Бул чет элдиктер, өлкөгө бир нече ай мурда киргендер тарабынан пландалган жана алар бул кылмышты келгенден бери даярдашкан.
Бирок АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Сьюзан Райс жекшемби күнкү телеинтервьюсунда кол салуу 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын жылдыгына тушташ даярдалгандай эместигин, буга чейин жыйналган далилдер “экстремисттердин кээ бир топтору” Бенгазиде капыстан башталган нааразылык акциясын колдонуп кеткенин көргөзүп жатканын белгиледи.
11-сентябрдан 12сине караган түнү, Бенгазиде АКШ консулдугуна жасалган чабуулдан төрт дипломат, анын ичинде америкалык элчи каза тапкан.
Окуя Мухаммед пайгамбар тууралуу АКШда жеке адамдар тарабынан даярдалган фильмдин үзүндүлөрү Интернетке жайгаштырылгандан кийинки нааразылык акциясы учурунда болгон. Бенгазиге чейин фильмге байланыштуу нааразылык акциясы Каирде, АКШ элчилиги астында өткөн. (UE)