АКШнын төрт жоокерин жекшемби күнү өлкө түштүгүндөгү Забул провинциясында ооган полицейи атып салган. Мунун алдында ишемби күнү Гильменд провинциясында дагы бир ооган полицейи Британиянын эки жоокеринин өмүрүн кыйганын эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз катчысы ырастады.
Муну менен быйылкы жыл ичи ооган коопсуздук күчтөрүнүн формасын кийгендердин колунан чет элдик аскер кызматчылардын кеминде 51и мерт болду.
НАТОнун эсебинде, мындай кол салуулардын бир чейректейи ооган коопсуздук күчтөрүнүн арасына кирип кеткен Талибан согушкерлери тарабынан жасалган болуусу мүмкүн. Бирок басымдуу бөлүгү - өз ара түшүнбөөчүлүктүн, маданий айрымачылыктын натыйжасы.
Жеке карым-катанаштагы таарынычтардан улам ооган полицейлери менен жоокерлери аларды машыктырып жаткан чет элдиктерге каршы курал көтөргөн учурлар катталууда.
Бул аралыкта кечээ Ооганстандын чыгышындагы Лагман провинциясында НАТОнун аба соккусунан сегиз аял каза тапкан деген маалымат түштү. Мындай маалыматты жергиликтүү расмий өкүлдөр билдиришсе, НАТО иликтеп жатканын айтты. (UE)