Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Рим папасы Жакынкы Чыгышта жанаша жана тынчтыкта жашоого чакырды


Рим папасы Бейруттагы сапары учурунда. 14-сентябрь, 2012-жыл.
Рим папасы Бейруттагы сапары учурунда. 14-сентябрь, 2012-жыл.
Бенедикт XVI мындай чакырыкты Ливанда, үч күндүк сапарын аяктап жатып жасады. Жакынкы Чыгыштын калкын жамаатына жана динине карабай тынчтыкта, эриш-аркак жашоого үндөгөн Папа кечээ Бейрутта аймактан чогулган миңдеген зыяратчылар үчүн диний жөрөлгөнү ачык асман алдында өткөрдү.

Рим Папасынын Жакынкы Чыгышка сапары Сирияда 18 айга созулган жаңжалдан улам диний негиздеги кыянатчылыктар күч алып, Мухаммед пайгамбарды келекелейт деген тасмага байланыштуу мусулман өлкөлөрүндө нааразылык акциялар өтүп жаткан учурга туш келди.

Рим Папасы Бейруттан кеткен соң шийиттердин Ливандагы “Хезболла” тобунун лидери Хассан Насралла фильмге байланыштуу бүгүн да көчө жүрүштөрүнө чыгууга, бирок жактоочуларын чет элдик элчиликтерге кол салбоого үндөдү.
(UE)

XS
SM
MD
LG