Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Германия америкалык диниятчыны өлкөгө киргизбейт


Терри Жонс.
Терри Жонс.
Немис ички иштер министрлигинин жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, Терри Жонс ысымдуу америкалык диниятчынын өлкөгө кириши “коомдук тартипти сактоо кызыкчылыгына каршы келет”.

Ал эми немис тышкы иштер министри Гидо Вестервелле бул маселеге байланыштуу төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз Германияда жек көрүүчүлүк маанайды карманган, кыянатчылыкка чакырган, биринчи кезекте башка диндеги, ишенимдеги адамдарды кемсинткен диний үгүттөөчүлөрдү каалабайбыз.

Германия келүүсүнө тыюу салган Терри Жонс 2010-жылы Куранды эл алдында өрттөө планын жарыялаганда, мусулман дүйнөсүндө нааразылык толкуну жаралган. Ал учурда жаңы нааразылык акцияларынын чыгышын шарттаган “Күнөөсүз мусулмандар” деген чагымчы фильмди да колдогон.

Кабарларга караганда, Терри Жонсту Берлинге “Германия үчүн” деген кичинекей уюм мусулмандарга каршы фильмди көргөзүү жөрөлгөсүнө чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG