Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

АКШ: Ооган өкмөтү ички кол салууларга олуттуу көңүл бурушу керек


АКШнын куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Мартин Демпсинин билдиргенине караганда, ооган аскери менен полициясынын кийимин кийгендердин чет өлкөлүк кызматташтарына курал көтөрүшү “абдан олутуу коркунуч”. Генерал Демпси белгилегендей, бул маселеге америкалык кол башчылар менен расмий өкүлдөр сыяктуу эле ооган өкмөтү да олуттуу көңүл бурушу керек.

Ал мындай билдирүүнү ушул дем алыш күндөрү эки ооган полицейинин огунан НАТО алты аскерин жоготкон соң айтты. Алардын төртөөсү АКШнын, экөөсү Британиянын жоокерлери.

Муну менен быйылкы жыл ичи ооган коопсуздук күчтөрүнүн формасын кийгендердин колунан чет элдик аскер кызматчылардын кеминде 51и мерт болду.

НАТОнун эсебинде, мындай кол салуулардын бир чейректейи ооган коопсуздук күчтөрүнүн арасына кирип кеткен Талибан согушкерлери тарабынан жасалган болуусу мүмкүн. Бирок басымдуу бөлүгү - өз ара түшүнбөөчүлүктүн, маданий айырмачылыктын натыйжасы.

Жеке карым-катанаштагы таарынычтардан улам ооган полицейлери менен жоокерлери аларды машыктырып жаткан чет элдиктерге каршы курал көтөргөн учурлар катталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG