Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Эртең ТүркСОЙдун фестивалы башталат


ТүркСОЙ уюмунун быйылкы фестивалы “Караджаоглан Шелале” деп аталат. Иш-чара 18-21-сентябрь күндөрү Түркиянын Тарсус шаарында өтөт. Фестивалга Кыргызстандан өкүл катары жаш акын, журналист Зайырбек Ажыматов чакырылган, ал бүгүн эрте менен Түркияга учуп кетти. Зайырбек Ажыматов ТүркСОЙ уюмунун иш-чарасына Кыргызстандан жалгыз өкүл катары чакырылганын “Азаттыкка” билдирди. Ал «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар» аттуу поэтикалык жыйнактардын автору. Ал 2005-жылы «Алыкулдун ак боз ат» поэзия фестивалынын лауреаты болгон.

ТүркСОЙ жалпы түрк дүйнөсүнүн маданият министрлеринин башын бириктерген чоң эл аралык уюм. Ага 14 мамлекет мүчө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG