Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Муфтийдин чечимине каршы чыккан казы талапка көндү


Буга чейин Ош облусунун казысы болуп келген Ниязалы Арипов Баткен облусунун казыятына кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Арипов өзү маалымдады. Буга чейин ал аталган облуска казылык кылууну каалабасын айткан.

11-сентябрда Кыргызстан муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиевдин буйругу менен Баткен облусунун казысы Султаналы Гапуров менен Оштун казысы Ниязалы Арипов ротация болушу керек эле. Бирок Арипов кызматтык каанасынын ачкычын жаңы казыга бербей койгону айтылган. 14-сентябр күнү ачкычты алууга тартип коргоо кызматкерлери да аралашканы кабарланган.

Бүгүн ал Баткендин казысы болууга макул экенин жана жаңы кызмат ордуна аттанып жатканын телефон аркылуу “Азаттыкка” билдирди.

“Бул кадамга ашыкча ызы-чуу көтөрүүнү каалабагандыгым үчүн бардым”, - деди Арипов.

Муфтийдин ротация тууралуу буйругунда мындай чара “ар түрдүү аймактарда иштеп, тажрыйбасы арткан кесипкөй кадрларды натыйжалуу пайдалануу жана дин кызматкерлерин тарбиялоо” максатында кабыл алынганы айтылган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG