Москвада полиция кызматкерлерине кол салды деген шек менен кармалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары да бар. Бул тууралуу орус күч түзүмдөрү кабарлоодо. Камакка алынган 12 адамдын канчасы кыргызстандык экенин учурда Орусиядагы кыргыз элчилигинин юристтери тактап жатат. Себеби кармалгадардын арасында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Египеттин жарандары бар экен.
Орус күч түзүмдөрүнүн айтымында, тыюу салынган жерге соода кылган алты адамды кармап кетип жатканда ошол жердеги дагы жүздөй адам чогулуп келип полицияга кол салган. Беш полиция кызматкери колу-бутунан жана башы-моюнунан жараат алган.
Бул окуя боюнча кылмыш иш козголду. Эгер айыптар далилденсе, кармалгандар 10 жылга эркинен ажырашы мүмкүн. Окуя Дуров көчөсүндө 14-сентябрда түштөн кийин болгону кабарланууда. (BkA/RK)