Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Жогорку Соттун жаңы мүчөлөрү ишке киришти


Жогорку Соттун жаңы шайланган 25 мүчөсү бүгүнтөн тарта ишке киришти. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлайт. Буга чейин алар сотторду тандоо кеңешинин жана президенттин элегинен өткөн. Соңку аптада парламенттин колдоосуна ээ болгон.

Токтошеванын айтымында, жаңыдан шайланган 25 судьянын тогузу буга чейин да Жогорку Соттун мүчөсү болчу, бирөө аталган сотто аппарат башчы болуп иштечү, 12си жергиликтүү соттордон келди жана үчөө көп жылдан бери юридика тармагында иштеп келаткандар.

Жогорку Сотто 35 судьялык орун бар. Эми дагы он судья тандалып, президенттин жана парламенттин колдоосун таап келиши керек.

Кыргызстанда 2010-жылдын апрелинде келген бийлик сот системасын түп-тамырынан тазалоо убадасын берген. Сотторду тандооо кеңеши түзгөн. Бирок бул ишти аягына чыгара албай калганына өкүнөөрүн экс-президент Роза Отунбаева бийликти тапшырып жатып айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG