Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Араванда митингге чыккандар бийликке кайрылуу жолдойт


Аравандагы цемент заводунун ишмердүүлүгүнө каршы митингге чыккан 300дөй киши талаптарынын аткарылышын өтүнүп президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдойт.

Бул тууралуу нааразылыкка чыккандардын өкүлү Эркин Аманов «Азаттыкка» билдирди. Алар Керме-Тоо айыл аймагынан алынып, цемент чыгарууга пайдаланылуучу топурак үчүн завод айылга акча төлөсүн деген талап коюуда. Андан сырткары, аравандыктарга цементтин баасын базар наркынан арзан болушун, жүк ташуучу унаадан бузулган Араван - Ош жолун оңдоп берүүнү суранып жатат. Ошондой эле заводдун башкы директору, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев эл менен жолугуусун талап кылышты. Түштөн кийин митингчилер тарап кетти.

Заводдун башкы директорунун орун басары Насырбек Давлетов нааразылык акциясына чыккандардын талабы мыйзамсыз экенин билдирди. Анын айтымында, Араван цемент заводу Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөдө. Ошентсе да алар коюп жаткан жол оңдоо, көпүрөлөрдү жаңылоо сыяктуу талаптарды аткарууга завод жетекчилиги даяр экенин айтты.

Давлетов заводдун башкы директору Азамат Арапбаев 16-сентябрда жергиликтүү тургундар менен жолукканын, алардын талаптарын угуп кеткенин да билдирди.

Аравандагы цемент заводу Керме-Тоо айыл окуругун аймагындагы 4 гектарга жакын жерден топурак алып иштетет.

Жогорудагы талаптар менен Араван районунун жашоочулары 11-сентябрда да митингге чыккан болчу. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG