Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Кытай бийлиги демонстранттарды тартипти сактоого чакырды


Өткөн аптада талаштуу Сенкаку же болбосо Дяоюйтай аралын Жапония жеке адамдан сатып алганын билдиргенден кийин Кытайдын бир нече шаарларында башталган антижапониялык акция токтой элек. Бүгүн Кытай бийликтери демонстранттарды тартипти жана мыйзамды сактоого чакырды. Ал ортодо Кытайдагы жапон компаниялары да ишмердигин токтоткону тууралуу кабар тарады. Жапония аралды сатып алганын жарыялагандан кийин кытай өкмөтү муну мыйзамсыз жорук деп атап, аралды Кытайдын ажырагыс бөлүгү деп билдирген. Бул талаштуу аралда жаратылыш газынын жана кара майдын запасы болушу мүмкүн деген божомол бар.

Бүгүн Жапонияга иш сапары менен барган АКШнын коргоо министри Леон Панетта Кытай менен Жапонияны талаштуу аралды сүйлөшүү жолу аркылуу тынч мүнөздө чечип алууга үндөдү:

- Биз аймактык Сенкаку аралын талаш жаратып жаткан бул окуяга тынчсыздануу билдиребиз жана эки өлкөнү тең бул маселеде сабырдуулукту карманууга чакырабыз. Баарыбыз Жапония менен Кытайдын мамилеси жакшы нукта өнүгүшүн каалайбыз, тараптар карама-каршылык күчөп кетишинен оолак болушса деген ойдобуз, - деди АКШнын коргоо министри Леон Панетта.

XS
SM
MD
LG