Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Түркияда бир ай ичинде 500 күрт жоочу өлтүрүлдү


Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Эрдоган
Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн коопсуздук кызматы соңку бир ай ичинде эле Күртстан жумушчу партиясынын 500 өкүлүн жок кылганын айтты. Жакында эле күрт жоочулары уюштурду деп шектелген жардыруудан ондогон аскерлер жана жай тургундар набыт болгон эле. Мындан сырткары күрт жоочуларынын мамлекеттик имараттарга кол салуулары күчөгөндөн кийин аларга карата аскерий күрөш катуулап, өлгөндөрдүн саны эселеп көбөйүүдө. Күртстан жумушчу партиясы 1984-жылдан баштап күрттөрдүн өз алдынча мамлекет болушун Түркиядан талап кылып келет. Мунун айынан токтобой келген жаңжалдан баш-аягы 40 миңдей адам набыт болгон. Түркия, АКШ жана Евробиримдик Күртстан жумушчу партиясын террорчул уюм деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG