Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Беларус оппозициясы алдыдагы шайлоону бойкоттоого чакырды


Оппозициянын эки ири саясий партиясы кечээги билдирүүсүндө шайлоочуларды алдыдагы жекшембиде добуш берүүгө эмес, "балык уулоого же ата-энелердин үйүнө” барууга үндөдү. Мунун алдында оппозициянын Бириккен Жарандык союзу менен Беларус Элдик майданы өз талапкерлерин жарыштан чыгарып, оппозиция активисттери камакта олтурган шартта шайлоо демократиялуу боло албастыгын белгилеген.

Адам укугун коргоочу уюмдардын эсебинде, 2010-жылдагы президенттик шайлоонун артынан камалгандар ичинен 15 саясий айыпкер али абакта кала берүүдө.

Беларус БШКсынын төрагасы Николай Лозовик оппозициянын шайлоону бойкоттоо чакырыгын сындап, алардын бул чечимин “шайлоочуларды сыйлабагандык” жана “мыйзамды келекелегендик” катары мүнөздөдү.

Беларустагы парламенттик шайлоо 23 -сентябрда өтөт.

Эл аралык байкоочулар беларус шайлоолорун такай сындап, адилетсиз жана эркин эмес деген баа берип келишет.

Өлкөнүн саясий системасы президент Александр Лукашенконун бекем көзөмөлүндө турат. ( UE)

XS
SM
MD
LG