Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Жарандык коом "Сапаргүл операциясын" ишке киргизди


Кыргызстанда жарандык коом Орусияда кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулагандарды издеп табуу боюнча демилгелүү топ түздү. Алар интернеттеги социалдык тармактар аркылуу өздөрүн “патриоттор” атагандардын сүрөттөрүн таратып, издөө жарыялашмакчы. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдурасулова күч түзүмдөрү мындай окуялар боюнча жетиштүү иштебей атканы үчүн ушундай демилге көтөрүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргыз милициясы мындай тасмалар боюнча өзүнө тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнүн, “жалган патриотторду” кармоо боюнча Орусиянын полициясы менен чогуу иштеп атканын белгилөөдө.

Кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулап, аны тасмага тартып алып, интернетке жайылтуу адаты өткөн жылы март айында башталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG