Бул тууралуу “Балдар укугун коргоо" лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, ишеним телефонуна кайрылган балдарга юристтер, психологдор телефон аркылуу кеңештерин берет. Зарылчылык болсо атайын врач, милициядан өкүл жана балдар укугун коргоочулардан турган мобилдик топтор тез жардам бере алышат. Мындай топко айрым учурларда шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери да тартылат.
Зомбулукка кабылган жаш балдар үчүн ишеним телефону азырынча Бишкек шаарында иштей баштады, келечекте мындай борборлор Ош жана башка шаарларда да түзүлөт. Ишеним телефонунун номуру – ( 0312) 54 29 34, телефон күндүзгү саат 9:00 -23:00гө чейин иштейт.(ZKo)