Чүйдүн Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен эгиз балдардын бирөөнү издөө бүгүн да уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Абдишарип Бекилов кабарлады.
Анын айтымында, 17-сентябрдын кечинде Чоң Чүй каналына 2009-жылы туулган Алмаз уулу Бакдөөлөт жана Алмаз уулу Нурдөөлөт чөгүп кеткен. Алар суу боюнда ойноп жүргөнү айтылууда. Окуя болгон жерге Аламүдүн районундагы куткаруу кызматынан 4 куткаруучу барып, бир баланын сөөгүн таап, экинчисин таба албай коюшкан. Аны издөо бүгүн уланат. (RK)