Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:16

Ысык-Көлдө мектеп кылмыштуулугуна каршы ыкчам топтор түзүлдү


Ысык-Көл облусунда мектеп кылмыштуулугуна каршы атайын ыкчам топтор түзүлө баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, милиция ата-эне жана мугалимдер менен бирдикте иштейт. Ушундай эле топтор жогорку жана орто окуу жайларда да түзүлөт. Жаңы окуу жылы башталган күндөн тартып окуучулар жана студенттер арасында алты уюлдук телефон уурдалып, рэкет боюнча үч окуя катталды. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG