Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 05:48

Нарында кезектеги алма фестивалы өтөт


Нарын облусунда кезектеги алма фестивалы өтөт. Бул жолу фестивал Ак-Талаа районунда уюштурулуп жатканын "Азаттыкка" "Компаньон" финансылык тобунан кабарлашты. Нарын жана Ысык-Көл облустарынан 40ка жакын фермердик чарбанын өкүлдөрү катышат. Фестивалдын максаты - алма өстүрүүчүлөрдү бириктирүү, алардын тажрыйба алмашып, кызматташтыгын арттыруусуна шар түзүү болуп эсептелет. Быйыл алма фестивалы жетинчи жолу уюштурулуп жатат. Иш-чара 22-сентябра өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG