Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:54

"Бейкүнөө мусулмандар" тасмасы Кыргызстанда да нааразылык жаратты


"Күнөөсүз мусулмандар" тасмасы Кыргызстанда да нааразылык жаратты. Бүгүн бир катар коомдук уюмдар маалымат жыйын өткөрүп, бул тасма боюнча өз пикирин билдирди. “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун өкүлү Данияр Мурадилов ал фильм ислам дининине шек келтирип, мусулмандардын туйгу сезимдерин жана ишенимин басмырлайт деген пикирин айтты. Ал бул тасманы башка өлкөлөрдөгү мусулмандар сыяктуу айыптаарын кошумчалады.

“Акыл-эс, ыйман, рух” уюмунун башчысы Дүйшөн ажы Абдылдаев АКШ өз мыйзамдарын бул сыяктуу чектен ашкан аракеттерге жол бербегидей кылып өзгөртүшү керек десе, депутат Турсунбай Бакир уулу аталган фильмди экстремисттик деп табуу боюнча Башкы прокуратурага кайрылып жатканын маалымдады.

Маалымат жыйындын уюштуруучулары аталган фильм атайын жасалган чагымчыл аракет деген пикирин да айтышты.

Кеп болуп жаткан эң начар техникалык сапатта тартылган тасмада Мухаммед пайгамбар мазакталат. Аны АКШ тартты деген демонстранттар өткөн аптада Сирияда жана Йеменде нааразылык акцияларын уюштурган, төрт америкалык дипломатты өлтүргөн. АКШ бул тасмага эч тиешеси жок экенин айткан. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG