Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Уулу камалган депутат Мадылбеков комитет башчылыгынан кетти


Жогорку Кеңештин коррупция менен күрөш комитетинин төрагасы Туратбек Мадылбеков бул кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, төрагага жөнөттү. Бул тууралуу депутат бүгүн өзү билдирүү таратты. Уулунун ак экенинен күмөнү жоктугун, бирок саясатчы катары объективдүү болууну каалап, тергөөнүн калыс өтүшү боюнча кимдир бирөөдө шек жаралуусуна жол бербөө максатын көздөгөнүн айтты.

"Коомчулук менин бул кадамымды уулумдун күнөөсүн моюнубузга алгандык дебестен, тергөө атасы жогорку кызматтагы эмес, катардагы жаранга карата жүргүзүлгөндөй өтүшүн каалагандыгым деп түшүнсүн", - деп айтылат Мадылбековдун билдирүүсүндө.

Мадылбековдун уулу Элдар Бишкек прокуратурасынын кызматкери катары мурдагы президент Курманбек Бакиевден калган кыймылсыз мүлктү көз боёмочулук кылып сатып, мамлекетке 94 миллион сом зыян келтирди деген шек менен кечээ камакка алынган.

Мадылбеков кечээ комитет жыйынын өткөргөндө депутаттардын бири - "Республика" партиясынын өкүлү Назаралы Арипов "уулу коррупцияга аралашты деген шек менен кармалган Мадылбеков коррупцияга каршы комитеттин жыйынын алып барууга моралдык укугу жок" деп залдан чыгып кеткени кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG