Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Бишкекте үч адамдын өлүмү боюнча кылмыш иш козголду


Бишкекте бир эле маалда үч адамдын өлүмү катталган факт боюнча кылмыш иш козголду. Шаардык милициянын басма сөз кызматынын инспектору Нургүл Нусупованын "Азаттыкка" айтымында, окуя бүгүн эртең менен тогуз чамасында Ахунбаев көчөсүндө болду. 52 жаштагы адам өзүнүн аялын жана аялы менен чогуу иштеген бир кишини атып өлтүрүп, өзүнүн да жанын кыйды.

Бул кабар социалдык тармактарга да тарап, балким, аялын жана ага ойнош болгон кишиден өч алуу максатында жасалган кылмыш деген пикирлер айтылды.

Бирок Нусупованын айтымында, өлтүрүлгөн аялдын жана аны менен чогуу иштеген адамдын ортосунда андай мамиле болгон эмес.

"Эки күн мурда жубайлар сот аркылуу ажырашкан экен. Атылган адам күбө болуп бериптир. Балким, күйөөсү ошого байланыштуу келип ушундай кол салуу жасагандыр деп божомолдолп жатабыз", - деди Нусупова. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG