Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

Орусияда "Күнөөсүз мусулмандар" тасмасы чектелиши ыктымал


Орусия YouTube сайтына чыккан тасманы көрүүгө чектөө киргизген өлкөлөрдүн тизмесин толукташы ыктымал. Байланыш министри Николай Никофоров Твиттерге жазгандай, балдарды терс таасир тийигизген маалыматтан коргоо жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирген ноябрь айынан баштап, Орусияда YouTube толугу менен жабылышы мүмкүн. YouTube сайтына ээлик кылган Google компаниясы “Күнөөсүз мусулмандар” тасмасын көрүүгө Египет, Индия, Индонезия, Ливия жана Малайзияда чектөө койгон. Бир катар өлкөлөр болсо сайтты жаап салды. Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи Батыш өлкөлөрү нацисттердин пропагандасына чектөө киргизгени менен, мусулмандарга акарат келтирген сөздөргө жол берүүдө деп сындады.

XS
SM
MD
LG