Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Брахими сириялык качкындардын абалы менен таанышты


БУУ жана Араб лигасынын Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча чабарманы Лахдар Брахими бүгүн Түркия менен чек арадагы “Алтынозу” лагеринде баш калкалаган качкындар менен жолугушту. Ал жерде болжолу менен 1 миң 300 киши жашайт. Айрым маалыматтарга караганда, 18 айдан бери уланып келаткан зомбулуктун айынан 250 миңдей сириялык жер которууга аргасыз болгон. Брахими ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен качкындардын абалын талкуулады. Түркияда расмий каттоодон өткөн 83 миңге жакын качкын баш пааналайт. Анкара жер которгон адамдар үчүн Сириянын өзүндө “коопсуз тилке” түзүүгө үндөп келатат. 15-сентябрда ай башында кызматына киришкен чабарман Сирия президенти Башар Асад менен кездешкен.

XS
SM
MD
LG