Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Садыр Жапаров: “Кумтөрдөн” кимдер ири пара алганын айтам


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров ага карата козголгон кылмыш ишин башкы прокурор Аида Салянованын саясий жообу катары баалайт.

Депутат “Кумтөр Оперейтинг Компанидеги” коррупцияга Аида Салянованын тиешеси бар экенин айтып чыккан үчүн ага кылмыш иш козголду деп эсептейт.

Ушул жылдын июн айында депутат Садыр Жапаров “Кумтөр” 1,5 млрд. доллар салыктан бошотулганын, ага бир катар аткаминерлер, арасында мурда юстиция министрлигинин статс-катчысы болуп турган Аида Салянова катышы бар экенин айткан. Андан кийин бул ишкананын тегерегинде бир топ чуу чыгып, ишин текшерүүгө парламенттик, өкмөттүк комиссиялар түзүлгөн болчу.

Садыр Жапаров Аида Саляновадан сырткары “Кумтөрдөн” кайсы аткаминер ири суммада пара алып турганын убагы келгенде жарыялаарын билдирди.

Апрель окуясынан кийин Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз өткөрүп алган деген шек менен 14-сентябрда депутат Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбеков камалган. 17-сентябрда Башкы прокуратура Садыр Жапаровго ошол кылмышка тиешеси бар деп иш козгогон.

Баш прокуратура Садыр Жапаровдун айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG