Кабулдагы теракттан Кыргызстандын бир жараны набыт болду. Бул тууралуу Орусиянын Кабулдагы элчилигинин маалымат өкүлү Степан Аникеев билдирди:
- Чабуулдан Кыргызстандын бир жараны, Түштүк Африканын 7 жараны жана оогандык эки киши – айдоочу менен тилмеч набыт болду. Орус жарандарынын өлүмү тууралуу эл аралык маалымат каражаттарында пайда болгон кабар тастыкталган жок.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул кабардын текшерилип жатканын билдирди.
Жанкечтинин кол салуусунан 12 киши набыт кеткени маалымдалууда.
Аэропортко жакын жерде болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө Хезб-и-Ислами козголоңчу топ алды. Согушкерлер муну менен Мухамед пайгамбарды мазактаган тасма үчүн өч алууну көздөгөнүн айтууда. (AA/RK)