Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:59

Суу жээгиндеги күрөш боюнча кыргызстандыктар күмүш медал алды


Таиланддын Паттайя шаарында өткөн суу жээгиндеги күрөш боюнча таймашка кыргызстандык балбандар да катышып, күмүш медалдардын ээси болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” спортчулар өзүлөрү билдирди. Алар жогорку салмактык категорияда (90 кг. – 100 кг. өйдө) 2-орунду камсыз кыла алды.

Кыргызстандык балбандар Эрлан Сапар уулу жана Акматжан Сабыржан уулунун Таиландга барып келишине жети миң доллардай акча кетти.

Каражат жагынан Баткендин Лейлек жана Кадамжай райондорунун жетекчилиги, коомдук уюмдар колдоо көрсөттү. (RK)

XS
SM
MD
LG