Азербайжанда Сумгаит шаарындагы фабрикада чыккан өрттүн себеби иликтенүүдө. Өрт 3 кишинин өмүрүн алып кетип, дагы 10 киши жарадар болду, бир жумушчунун дайыны белгисиз. Дүйшөмбүнүн кечинде кир жуучу жана тазалагыч заттарды чыгарган ишканада кеминде 2 жарылуу болуп, цехтер күйө баштаган. Өрт бүгүн эртең менен гана өчүрүлдү. Тергөөчүлөрдүн алдын ала маалыматына караганда, ширетүүчү иштер жүргөндө коопсуздук эрежелери сакталган эмес.