Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Сот Кэйттин жылаңач сүрөттөрүн басууга тыюу салды


Франция соту Британия ханзадасы Уильямдын жубайы Кэйттин үстү жылаңач сүрөттөрүнүн мындан аркы жарыяланышына тыюу салуу чечимин кабыл алды. Сот ал сүрөттөрдү басып чыгарган Closer журналын 24 сааттын ичинде анын оргиналдарын берүүгө милдеттендирди. Чечимди бузгандар 10 миң евро айып пулга жыгылат.

Сүрөттөр ай башында Кэйт Францияда эс алып жүргөн чакта тартылып, адегенде Closer деген журналда жарык көргөн. Тергөө иши Уильям менен жубайы берген арыздын негизинде ачылган. Алар сүрөттөрдүн башка басылмаларга жайылышын алдын алууну талап кылышкан. Closer жана сүрөттөрдү ушул дүйшөмбүдө чыгарган италиялык Chi деген журнал Италиянын мурдагы премьер-министри Силвио Берлусконинин үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн медиа холдингге кирет.

XS
SM
MD
LG