Ооган президенти Хамид Карзай бүгүн эртең менен Кабулда болгон жардырууну айыптады. Президенттин кеңсеси тараткан билдирүүдө айтылгандай, Улуттук коопсуздук департаменти Кабул аэропортуна бараткан жолдо жанкечти ишке ашырган теракттан 12 киши, анын ичинде ооганстандык 3 бейкүнөө киши мерт кеткенин маалымдады. Курман болгондордун арасында Түштүк Африканын 8 жана Кыргызстандын бир жараны бар. Дагы 12 ооган жарадар болду.
Буга чейин Орусиянын Кабулдагы элчилигинин маалымат өкүлү Степан Аникеев кыргызстандык жарандын өлүмү тууралуу билдирген. Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинен бул тууралуу маалымат түшө элек.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Хезб-и-Ислами" козголоңчу топ алды. Согушкерлер муну менен Мухаммед пайгамбарды мазактаган тасма үчүн өч алууну көздөшкөнүн айтышууда. Дүйшөмбү күнү Ооган баш калаасында жүздөгөн киши америкалык базаны таш бараңга алып, бир нече машинеге өрт коюшкан. Бүгүн Кундуз вилайетинде АКШ президенти Барак Обаманын сүрөттөрүн өрттөгөн студенттер полиция менен кагылыша кетишти.